Евгений Пригожин жетектеген аскер бөлүктөрү артка кайтты

“Вагнер” аскер компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин аскер бөлүктөрү артка кайтты. Бул тууралуу Пригожиндин басма сөз кызматы Telegram каналы аркылуу билдирди.

“Бир тараптын каны төгүлө тургандыгын түшүнүп, коллоналарды артка кайтарып, план боюнча карама-каршы талаа лагерине кетебиз”, – деген ал.

Белгилей кетсек, кечээ түнү Федаралдык коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш борбору билдиргендей, социалдык тармактарда “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын ээси Евгений Пригожин Россиянын Коргоо министрлиги “Вагнердин” арткы лагерлерине бомба жана ракеталык чабуулдар жасаганын айтып чыккан. 

Россиянын Коргоо министрлиги Пригожиндин тараткан бул маалыматтары чындыкка дал келбейт турганын жана маалыматтык провокация экенин билдирген.