ВИДЕО: Бишкекте маршруттук такси менен жол тандабас сүзүштү

Бишкектин Лев Толстой жана Чолпон-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде маршруттук такси менен жол тандабастын катышуусундагы кырсыктын видеосу социалдык тармактарда тарады. Видеодон кичи автобустун жолдун четине чыгып, мамыны сүзгөнү көрүүгө болот.

Бүгүн, 23-июнда саат 08:50дө аталган көчөдө жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөнүн Бишкек ШИИБинин кайгуул милициясы билдирди. Кырсык Лев Толстой көчөсүндө катталып, анда BMW-X5 жана Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаалар кагышкан.

Маалым болгондой, жол тандабастын айдоочусу өз тилкесинде келе жатып, алдынан келе жаткан кичи автобусту сүзгөн. Анын кесепетинен Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа электр мамысын бузуп кеткен.