Шымын ылдый түшүрүп, кыздын колун кайрыган жигит зордуктоого аракет кылган

Социалдык тармактарда 15-июнга караган түнү токтоп турган жол тандабастын ичинде болгон кыз менен жигиттин жаңжалдашып жаткан видеосу тараган.

Видеодо унаанын арткы отургучунда отурган кыз менен жигиттин чырдашып жатканын көрүүгө болот. Ызы-чуунун сыртка чейин угулуп жатканын өтүп бара жаткандар жол тандасбасты көздөй бурулганынан байкалат. 

Бир нече секунддан кийин кыз жигитке каршылык көрсөтүп, жерге кулап түшкөн. Ушул убакыт ичинде аны шымы ылдый түшүрүлгөн жигит күч менен кармап турган. 

Чыр-чатактын жүрүшүндө ал шымын өйдө көтөрүп, кыздын колун кайрып салган. Кыз ордунан турууга аракет кылганда жигит аны жерге жыгып, ага бир нерселерге сүйлөп унаа тарапка жөнөгөн. Ал жол тандабастан буюмдарды сыртка ыргыткан. 

Окуя Бишкектеги Токтогул Ибраимова көчөлөрүндөгү унаа токтотуучу жайда болгону аныкталды. 

Маалыматка ылайык, кыз окуя болгон күнү милицияга арыз менен кайрылган. Анда тааныш жигит аны зордуктоого аракет кылганын айткан. 

https://t.me/svodka_akipress/5047