
Индиянын Уттар-Прадеш штатында катуу ысыктан 98 адам каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазды.
Уттар-Прадештин өкмөтү каза болгондор боюнча иликтөө башталганын билдирди. Эки штатта тең абанын температурасы 45 градуска жетет.
Бихар штатынын административдик борбору Патна шаарында мектептерде сабактар 24-июнга чейин токтотулганы кабарланды.