ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү

2023-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү.

Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Маалым болгондой, быйыл, ИИМдин Академиясын 100 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана алгачкы лейтенант наамын алышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 25 кыздар. Ал эми сегизөө артыкчылык дипломдорун алышты.

99e8718b 2ad8 40b2 be1c f037983b9498 ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү


Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Президенттин кеңешчиси, юридика илимдерини доктору Бекбосун Бөрүбашев, кыргыз милициясынын генералдары Тилек Асаналиев, Садырбек Дубанаев, Абдыкапар Мавлянов, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев, Академиянын жетекчилиги жана ардагерлери, Э. Алиев атындагы фондунун өкүлдөрү, Эргеш Алиевдин туугандары, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, туугандары жана достору катышышты.
Алгач, министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, бүтүрүүчүлөргө кайрылып, алар Ата Мекенибиздин эң жооптуу болгон коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө тайманбастык жана эрдик менен эмгектене турган кызматка бара жаткандарын баса белгиледи.
“Урматтуу бүтүрүүчүлөр! Силерге жүктөлгөн милдеттерди ак ниет менен аткарышыңар мамлекетибиздин көз карандысыздыгынын бекемделүүсүнө жана улуттук кызыкчылыктарды коргоого түрткү жаратып, баарыңардан кесипкөйлүктү, моралдык, адептик сапаттарды талап кылат. Сиздердин ар бириңиздер биздин мамлекетибиздин чыңдалышына, анын өсүп өнүгүшүнө салым кошосуздар деп ишенемин.
Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги тарабынан коюлган приоритеттик маселелердин ичинен жарандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусун, экстремисттик көрүнүштөргө жол бербөөнү жана коррупция менен күрөшүүнү өзгөчө белгилеп кетким келет.


Мындан сырткары, урматтуу бүтүрүүчүлөр, силердин кызматыңарга кылган мамилелеңерден, кесипкөйлүүлүктөн, адептик сапаттарыңардан жарандар жалпысынан биздин ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн баалайт. Себеби жарандар ички иштер органдарынын кызматкери менен өздөрүнүн коопсуздугун, корголгондугун байланыштырып, ар бириңиздерден тез арадагы жасалган аракеттерди жана жардамды үмүттөнүшөт.
Кыргыз милициясынын легендарлуу генералы Эргеш Алиев атындагы Академияда алган билимиңиздер, тажрыйбаңыздар Кыргыз милициясына таза жана адилет кызмат кылууда негизги өзөк катарында калышы керек.
Мен коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун коргоодо берген Антыңарга бекем туруп, өзүңүздөрдүн парзыңыздарды кесиптик жогорку чеберчиликте аткаруу менен бирге эле өлкөбүздүн жарандарынын коопсуздугун, мамлекетибиздин кызыкчылыгын жана мыйзамдын талаптарын сактайт жана коргойт деп ишенемин. Анткени жарандардын мыйзамдуу укуктарына жана кызыкчылыктарына кылдат мамиле жасоо жана алардын ишеничин актоо сиздердин негизги милдетиңер.
Чыныгы офицер абийирин, кадыр-баркын, антка болгон бекемдигин сактоого жана Ата Мекенге кызмат кылуунун үлгүсү болууга милдеттүү. Андыктан ар бирибизден кайраттуулукту, бекемдикти, айрым учурларда чечкиндүүлүктү талап кылат,-деп билдирди Адылбек Бийбосунов.
Ошондой эле, министрдин биринчи орун басары кызматка киришип жаткан кесиптештерине чың ден соолук, темирдей кайраттуулук, алмаздай бекемдик жана эр жүрөктүүлүктү каалап, алар кыргыз элине ак ниет, таза, чынчыл кызмат кылып, ички иштер органдарынын кызматкеринин кадыр-баркын терең сактап, кыргыз элинин сыймыгы боло турган мыкты кесипкөй кадрлардан болуу керектигин баса белгиледи.
Андан сырткары, ал бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылып, Мекен үчүн ушундай уул-кыздарды тарбиялап, өстүрүп, жооптуу кызматты аркалоого түрткү болгондору үчүн ыраазычылыгын билдирди.

2c181111 9b1a 4af5 83da 79032ccbb8b3 ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү

Мындан ары, ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрү Ички иштер органдарынын толук кандуу кызматкерлери болуп, бөлүштүрүүлөрдөн соң, аймактарда кызмат өтөөгө киришишет. Эми алар коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө иштерин аткаруу милдетин алышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө салтка айланып калгандай, бүтүрүүчүлөр Академиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда, ИИМдин Академиянын күжүрмөн туусу менен коштошуп, салтанаттык жүрүш менен өтүштү.
Салтанаттуу иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн аткаруусундагы “Офицердик вальс” менен жыйынтыкталды.

47bea31e 9775 48b5 a140 d5cdb7e869a7 ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү
c7c42df8 8b50 4d2e 9f1e 75d198979221 ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү
be2b994f ea50 47f5 8453 02d435cc6c46 ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү
d247a913 6fd2 43a1 ba23 3b2c5809c26b ИИМдин Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү