Россиянын Красноярск крайынын Таймыр аймагында атасы үч жашар кызын аңчылык мылтык менен атып алган. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда облустук прокуратуранын басма сөз кызматы өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Каргашалуу окуя 12-июндан 13-июнга караган түнү болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз үй-бүлөсү менен Носок айылынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан Дерябино балык уулоо пунктунда болгон. Бир убакта атасы мыйзамсыз аңчылык мылтыгын октоп жатып, наристе жаткан тарапка ок чыгарган.
«Кыздын башына жана белине ок тийген. Ата-энеси аны дароо ооруканага алып жөнөшкөн, бирок сактап калуу мүмкүн болгон эмес», — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду (РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн «в» пункту, “адам өлтүрүү”).
Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын себептери аныкталып, ата-энелердин ата-энелик укуктарын талаптагыдай аткарышына баа берилет.