
Бүгүн, 12-июнда Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы кафеден өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгы катталган аймакка өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 13:30да толук өчүрүлгөн.
Кырсыктын кесепетинен кафенин 70 чарчы метр аянты, жанаша жайгашкан автомектептин 40 чарчы метри күйүп, 1994-жылы туулган А. Э. аттуу жаран жеңил жаракат алган.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.