Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 2023-жылдагы туристтик сезондо коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан укуктук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплекстүү планы иштелип чыкты.
Май айында Ички иштер министрлиги тарабынан «2023-жылдын жайкы туристтик мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жөнүндө» буйругу чыгарылган.
“Бул буйрукка байланыштуу, туристтик активдүүлүктүн жайкы сезонунда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн тартылган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн күчтөрүнө жана каражаттарына эсептөөлөр жүргүзүлдү.
Ошондой эле, уюштуруу чечимдерин, ыкчам-алдын алуу иш-чараларды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды жана башка комплекстүү иш-чаралар камтылган иш планы бекитилди. Милиция туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында мамлекеттик уюмдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иш алып бармакчы.
Коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин саны ыкчам кырдаалдын өзгөрүшүнө жана туристтердин келишине жараша көбөйүшү мүмкүн. Милициянын ишине көмөк көрсөтүү максатында коомдук бирикмелер – 1000ге жакын ыктыярдуу элдик кошуундар тартылат.
Ысык-Көл районунда Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имаратында жайкы туристтик сезон мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана берилген күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо жана бөлүштүрүү боюнча убактылуу штаб түзүлүп, туруктуу иштөөчү тергөө-ыкчам топтору түзүлгөн. Укук тартипти сактоого ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун милиционерлери тартылат.
Ысык-Көл облусунун аймагында эс алуу үйлөрүн, туристтик базаларды, балдардын эс алуу борборлорун кошкондо 700 жакын курорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелер иштейт.
Коомдук тартипти жана коопсуздукту талаптагыдай камсыз кылуу максатында комплекстүү ыкчам-алдын алуу иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Туристтик сезондун алдында милиция кызматкерлери мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте туристтик маршруттарды, курорттук ден-соолукту чыңдоочу мекемелерди текшеришип, аларда видеобайкоо жүргүзүүгө жана аймакты жарыктандырууга техникалык жактан бекемделишине, түнкү убакта курорттук зонанын калктуу конуштарын жарыктандырууга, мамлекеттик маанидеги унаа жолдордогу маалыматтык тутумдарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Анализди эске алуу менен кайгуул посттордун жана каттамдардын жайгашуусу аныкталып, ыкчам жана алдын алуу иш-чаралары пландаштырылган”, – деп айтылат маалыматта.
Туристтик сезондо Бишкек, Чолпон-Ата, Ош шаарларында туристтик милиция иштейт, алар коопсуздукту камсыз кылуу, пайда болгон маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү, туристтерге кеңеш берүү жана маалымат берүү менен алектенет.
Ошондой эле, Боом капчыгайында жана Бишкек – Ош автожолунда Төө-Ашуу ашуусунда күнү-түнү посттор уюштурулуп, тез жардам кызматы жана ӨКМдин куткаруучулары кызмат өтөшүп, зарыл болгон учурда тез арада чыгып, медициналык жардам көрсөтүшөт.
«Кордай-Бишкек», «Манас-Бишкек» аэропорту, «Бишкек ш. – Түндүк айланма жол», «Бишкек – Балыкчы – Каракол» (Түндүк жана Түштүк) унаажолдору боюнча ИИМдин ЖКККББнын көчмө постторунун туруктуу жайгашкан жерлери аныкталып, ЖККББнын кызматкерлери унааларынын сыртында ишеним телефондору көрсөтүлгөн кайгуул унааларында кызмат өтөшөт.
Учурда ыкчам-алдын алуу иш-чаралардын комплекси ишке ашырылып, курорттук зоналарда коомдук тартипти сактоо чаралары менен жол кырсыктарын болтурбоо иштери күчөтүлгөн.
Алдын алуу жана көзөмөл иш-чаралары туристтик сезондун аягына чейин туруктуу негизде жүргүзүлөт.
Ички иштер органдарынын өздүк курамына мыйзамды жана кызматтык тартипти так сактоо боюнча тапшырмалар берилди.