Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга келди

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Шарль Мишель Кыргызстанга 2-июнда Чолпон-Ата шаарында өтө турган «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммитине катышуу үчүн келген.

Ошондой эле, 3-июнда Шарль Мишелдин Кыргызстанга болгон расмий сапары өтөт.