
Экс-президент Аскар Акаев менен жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди. Бул тууралуу айрым ЖМКлар өздүк булактарына таянып жазды.
Маалыматка караганда, Аскар Акаев менен Майрам Акаева кыргыз-казак чек арасынан өтүп келишкен.
Алар Улуттук илимдер академиясында жана Политехникалык университетке лекция окуганы келгени айтылды. Лекциялар качан болору азырынча белгисиз.
Эске салсак, мурунку президент Акаев 2021-жылы 16 жылдан бери Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кумтөр боюнча сурак берген.