
13-майда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында жүргүзүлөт.
“Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат”, — деп билдиришти ишканадан.
Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө