Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар өндүрүш объектилерине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сокулук районунда муниципалдык жаңы мал базарды куруу долбоору менен таанышты.

645cff6c59e21 Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар өндүрүш объектилерине барды

Долбоорго ылайык, жалпы аянты 8 гектарды ээлеген мал базарынын ичине санитардык жана ветеринардык өтмөк кирет, малдарды түшүрүү жана жүктөө үчүн эстакада, 700 унаа үчүн унаа токтотуучу жай, ошондой эле 700гө жакын бодо мал жана мындан тышкары майда малдар батат.

Министрлер Кабинетинин башчысы мал базардын курулушун тездетүүнү тапшырды, бул үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан керектүү жардам жана колдоо көрсөтүлөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин МинКаб башчысы өлкөнүн бардык мал базарларындагы тартипти калыбына келтирүү боюнча тапшырмаларды берген.

Андан ары МинКаб башчысы Сокулук районундагы “Тянь-Шань Керамик” кафель чыгаруучу заводуна барды.

Ишкана учурда өзүнүн продукциясын Россия Федерациясына жана Казакстан Республикасына экспорттойт жана мында 350дөн ашуун адам эмгектенет.

МинКаб башчысы мындай ишканалар аймактын өнүгүүсүнүн локомотиви экенин белгиледи.

“Биз такай салык төлөгөн жана облустун калкын жумуш менен камсыз кылган ишканаларды өнүктүрүүгө көмөктөшүшүбүз керек. Керек болсо мамлекет өндүрүштү кеңейтүүгө көмөк көрсөтөт”, — деп баса белгиледи МинКаб башчысы.

Жумуш сапарынын соңунда Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы өнөр жай аймагында болгон Акылбек Жапаров, өнөр жай комплексин куруу долбоору менен таанышты.

Белгилей кетсек, 40 гектардан ашуун жерди өнөр жай аймагын курууга берүү чечими 2017-жылы кабыл алынган, бирок ошол мезгилден бери технополистин курулушу бүтпөй келген.

Долбоорго ылайык, технополистин аймагында 11 тигүү жана текстиль өндүрүшү жана ага байланыштуу продукциялар уюштурулат.

Министрлер кабинетинин төрагасы көйгөйлөрдү жана долбоорду ишке ашыруунун кечеңдешинин себептерин угуп, эки жумалык мөөнөттө технополисти куруу боюнча жигердүү иштерди баштоо үчүн документтерди жана каржылык негиздемени камсыз кылууну тапшырды.

МинКаб башчысы мамлекет мындай ири долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин жана аны ишке ашырууга ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

645cff6a16bf9 Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар өндүрүш объектилерине барды
645cff6c00b07 Акылбек Жапаров Чүйдөгү бир катар өндүрүш объектилерине барды