Курулуп жаткан соцобъектилерге видеобайкоо орнотулуп жатат

Кыргызстанда курулушу жүрүп жаткан 240 социалдык объектинин 97сине курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн видеокамералар орнотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, видео-трансляциялоону толук жана жеткиликтүү камсыздоо максатында Мамкурулуш агенттиги тарабынан санариптик онлайн-карта иштелип чыккан,  анда курулуп жаткан бардык социалдык объектилер көрсөтүлөт.

Бүгүнкү күндө санариптик картага Чүй, Ош, Нарын жана Талас облустары боюнча 28 объект кошулду, алар онлайн трансляциялоодо.

Видеокамералардан санариптик картага онлайн трансляцияны орнотуу боюнча иштер планга ылайык жүргүзүлүүдө жана курулуп жаткан бардык социалдык объекттерге видеобайкоо орнотулат.