
Кыргызстандык окуучу эл аралык олимпиадада коло медаль утту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ж.Баласагын атындагы Токмок лицейинин 11-классынын окуучусу Решетников Иван 57-Эл аралык Менделеев химия олимпиадасында коло медаль тагынды.
Менделеев химия олимпиадасы 2023-жылдын 30-апрель 7-май күндөрү аралыгында Астана (Казахстан) шаарында өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышкан.