
Марат Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жаңы жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3-майда Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров аны дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Буга чейин Пирназаров Финансылык көзөмөл боюнча төраганын орун басары болуп иштеген.