Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Баткен облусунун 38 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, С.С. аттуу жаран алдамчылык жолу менен ири суммадагы акчасын алдап бербей жүргөндүгүн айтып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Аталган факты боюнча топтолгон материал Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү 38 жаштагы С.С. Ош облусунун Ноокат районунда жашынып жүргөн жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп жазылат маалыматта.