ИИМ. Нарын жана Жалал-Абад ОИИБна жаңы автоунаалардын ачкычтарын тапшырылды


Бүгүн, 28-апрелде коллегиянын
алдында Нарын жана Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлерине автоунааларды салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.


Маалыматка караганда, иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын, борбордук аппараттын башкармалыктарынын начальниктери, облустардын ички иштер башкармалыктарынын, Ош, Бишкек жана Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери катышты.

3087640b a468 4b93 acef bc0cff7b0a21 ИИМ. Нарын жана Жалал-Абад ОИИБна жаңы автоунаалардын ачкычтарын тапшырылды


Адылбек Бийбосунов өздүк курамдын алдында сүйлөп жатып: “Урматтуу кесиптештер, кыргыз элинин коопсуздугун камсыз кылуу, алдыга коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткаруу жана ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн чыңдоо максатында биз жаңы, заманбап үлгүдөгү унааларды аймактык бөлүмдөргө өткөрүп жатабыз
Өлкөнүн ички коопсуздугун жана элдин бейпил жашоосун сактоо үчүн мамлекет жана демөөрчүлөр тарабынан атайын унаалар бөлүнүп берилди. Милиция кызматкерлеринин ишине жана жарандардын коопсуздугуна ар тараптан колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ИИМдин жетекчилигинин жана кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдирем. Аймактардын географиялык шарттарын, район-шаарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алып, унааларды Жалал-Абад жана Нарын облустук ички иштер органдарына тапшырабыз,- деди Адылбек Бийбосунов
Иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилик курамына бардык мезгилдерге ылайыктуу жаңы формалардын үлгүлөрү көрсөтүлдү. Форманы иштеп чыгууда ар кандай климаттык шарттарда кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлеринин каалоолорун, ошондой эле чет өлкөлүк тажрыйбаларды эске алуу менен кызматкерлер үчүн эң ыңгайлуу кийимдерди чыгаруу боюнча негизги басым жасалды. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин статусун жана кийимдеринин сапатынжогорулатуу максатында кызмат өтөө өзгөчөлүктөрүн жана шарттарын эске алуу менен жаңы формалардын линиясы иштелип чыкты.
Бүгүнкү күндө, Ички иштер министрлиги демөөрчүлөр, эл аралык өнөктөштөр, чет элдик кесиптештер жана коопсуздук тармагында иш алып барган дүйнөлүк уюмдар менен түзүлгөн келишимдердин алкагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ушул жылдын аягына чейин дагы бир катар заманбап талаптарга жооп берген материалдык-техникалык каражаттарды алып, ыкчам-кызматтык ишмердикти дагы бекемдөө боюнча иш-чараларды пландаштырылууда.
Иш-чаранын соңунда Ички иштер министри, кыргыз милициясынын негизги максаты- бул жарандардын кайрылган баардык чакырууларына тез жана ыкчам чара көрүү, ар түрдүү окуяларга жеринде бөгөт коюу, кылмыштын бетин ачуу, күнү-түнү талыкпаган иш алып баруу экендигин баса белгиледи.
«Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Андыктан, ар бир жетекчи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так сакталышын камсыздап, жер-жерлерде сапаттуу иштерди уюштурууга, эң негизгиси элдин милицияга болгон ишенимин арттырууга милдеттүү экенин белгилегим келет», – деп жыйынтыктады Адылбек Бийбосунов.