Социалдык тармактарда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун кол коюлган кагаздардагы каталар кызуу талкууда.
Айрым колдонуучулар анын кол алдындагылардын катасы экенин айтышса, кээ бирлери Байсаловдун сабатсыздыгын айтышууда. Документтерде “контролдоо” же болбосо кыргызчасы “көзөмөлдөө” деген сөз – “котролдоо” деп жазылып калган.
Дагы биринде кыргызча тамгалар орусча басылып калган. Мисалга, “өткөрүү”, “мүчөлөр” деген сөздөр туура эмес жазылган. Ал эми Маданият министрлиги чоң тамга менен жазылуусу кажет.