Бишкекте бөтөлкө чогулткан балага жардам берүүнү каалагандар көбөйдү

Социалдык тармактарда таштанды челектерден желим бөтөлкө чогулткан баланын видеосу тарады. Видеодо ал бөтөлкөлөрдү бир сомдон сатып жатканын айткан.

Мобилограф Алтын Исаков видео коомчулукта кеңири резонанс жаратканын айтып, балага жардам берүүнү каалагандар аны издеп жатышканын айтты.

«Азизбекти таптык, ал беш жашта. Бала Бишкекте темир жол вокзалына жакын жерде апасы жана эжеси менен шарты жок кичинекей бөлмөдө жашайт. Жардам берүүнү каалагандар бул жакка келсе болот»,-деди Исаков.

Ал эми аталган дарекке бара албагандар үчүн Алтын Исаков өзүнүн электрондук капчыгынын 0505970211 номери менен бөлүштү.