ВИДЕО: Муфтий Райымбек Матраимовго ыраазычылык кат тапшырды

16-апрелде Кыргызстандын Муфтийи Мамлекеттик бажы кызматы башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовго ыраазычылык катын берди. Бул тууралуу маалыматты Кактус.медиа Муфтияттын басма сөз кызматына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Кара-Суудагы “Исмаил-Ата” атындагы Матраимовдордун атасынын атындагы мечитте таравих намазы окулган. Андан кийин муфти Райымбек Матраимовго “жүрөгүнүн түбүнөн кылган кызматы” үчүн ыраазычылык катын сунуштады.

Министрликтин пресс-кызматы муфтий Ош шаарына болгон сапарынын алкагында мечитке барганын кошумчалады.