
Бишкек шаарынын аймагында бир жуманын ичинде 5 миң 652 жол эрежесин бузуу катталды. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, мас абалында унаа башкарган 9 айдоочу кармалган.
Андан тышкары:
документи жол унаа башкаруу — 53;
жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн — 81;
жол белгилерин баш ийбөө — 3 миң 465;
автоунаанын терезелерин караңгылатып айдоо — 34;
коопсуздук курун тагынбоо — 991;
башка эреже бузуулар — 712.
728 автоунаа айып короосуна токтотулган.