MEGA компаниясы канчага бааланды?

12-апрелде Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте «Альфа Телеком» ЖАКнын (MEGA соода маркасы) акцияларынын мамлекеттик пакетин баалоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйында мамлекеттик оператордун баасы белгилүү болгон. «Акчабар» өздүк булактарына таянып жазгандай, бул сумма 14 млрд 590 млн 603 миң сомду, же 170 млн 292 миң долларды түздү.

Эскерте кетсек, буга чейин MEGA компаниясын сатуу үчүн ага баалоо жүргүзүлөрү кабарланган.