
«Кыргызстан Коммерциялык Банкы» ААКсынын (Мбанк) Директорлор кеңешинин курамында өзгөртүүлөр болду.
Маалыматка ылайык, Нурланбек Тынаевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.
Анын ордуна буга чейин «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы, «Аю Гарант» камсыздандыруу компаниясы» ААКсынын башкы директору жана Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген Максатбек Ишенбаев дайындалды.