
Массалык башаламандык уюштурууга шектелип кармалган активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
“Ооруканага жаткырылышы зарыл” деп медиктер айткандан 27 күн өтүп, акыры Шаменов ооруканага жаткырылды»,-деп жазды Жоошев.
Өткөн жылдын 23-октябрында Ички иштер министрлиги тарабынан саясатчы, жарандык активист, укук коргоочулар кармалган.
Ички иштер министрлиги аларды жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган деп айыптоодо жана жетиштүү далил бар экенин билдирген.
27-октябрда Шаменов Москва шаарынан кармалганы кабарланып, Орозайым Нарматова менен бирге Бишкекке жеткирилген.