Диний окуу борборундагы кыздарга диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилди

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан 2022-2026-жылдар ичинде мамлекеттин диний чөйрөдөгү концепциясынын пландарынын тийиштүү пункттарын аткаруу максатында Бишкек шаарында жайгашкан диний окуу борборлорунда жана медреселерде окушкан тарбиялануучулар менен жолугушуулар өткөрүлүүдө. “Алсак, 2023-жылдын 10-апрелинде ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан диний окуу борборлорунда жана медреседе окушкан кыздар менен жолугушуу өткөрүлүп, диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө кенен түшүндүрмө берилип, бул багыт боюнча алардын маалымдуулугун, укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча агартуучулук иштер аткарылды. Жолугушуу учурунда “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу” темасындагы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп, кыздар тарабынан берилген суроолорго толук кандуу жооптор берилди.

hidzhab Диний окуу борборундагы кыздарга диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилди
2ce195aa 39c2 4089 a37d 8dbef8f801c7 Диний окуу борборундагы кыздарга диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилди