“Адал эмес”: «Тойбосс» колбасасынан чочко эти жана соя табылды

Кыргызстанда чыгарылган “Тойбосс” аталышындагы адал колбасадан чочко эти жана соя табылды.
Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы
(Россельхознадзор) билдирди. Чочко эти жана соя табылган адал колбасалары Россияга экспорттолгон болчу. Аны Чүй облусунда жайгашкан компания чыгарат.
Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы жарыялаган документке таянсак, жогоруда “Тойбосс” колбасасы тууралуу сөз болуп жатат.

WhatsApp Image 2023 04 09 at 17.52.17 "Адал эмес": «Тойбосс» колбасасынан чочко эти жана соя табылды