
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалганын 8-апрелде Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучунун айтымында, кылмыш 3-апрелге караган түнү Рыскулов көчөсүндө жайгашкан үйүндө болгон. Борбор калаанын тургунунан 90 миң сомдук телефон, 210 миң сомдук телефон жана 404 миң 890 сомдук якут бриллианттары уурдалган.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен каттоого алынган. Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2005-жылы туулган К.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштеринин алкагында милиция анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экенин аныктаган.