Сочи-Бишкек-Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамы ачылат

Сочи-Бишкек-Сочи багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарынын ачылышы пландалууда. Бул
туурасында “Манас” эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, жаңы багыт боюнча биринчи аба каттам болжол менен 5-майдан тартып жумасына
бир жолу (жума күндөрү) аткарылышы күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, каттамды Россиянын “Азимут” авиакомпаниясы аткарат.