Эл аралык сулуулар сынагына катышкан Мадина Муратбекова финалга чыкты

Мадина Муратбекова Уфа шаарында өткөн Эл аралык сулуулар сынагынын финалына чыкты.

Маалыматка ылайык, 2-апрель күнү Башкыр мамлекетинин Уфа шаарындагы «Торатау» конгресс-холлунда сулуулар сынагынын тандоо туру болуп өттү.

«Мисс Шериктештик» республикалык этникалык сулуулар жана таланттар конкурсуна жалпы 18 катышуучу катышып, алардын ичинен 7 финалист тандалып алынган.

Алдыда Мадинаны 21-апрель күнү болуучу финал күтүп жатат.

426136 1 Эл аралык сулуулар сынагына катышкан Мадина Муратбекова финалга чыкты
426136 3 Эл аралык сулуулар сынагына катышкан Мадина Муратбекова финалга чыкты