Чүйдө жаранды скотчтоп, талаага таштап, унаасын айдап кеткендер кармалды 

Ысык-Ата районунда адамды скотч менен ороп, талаага таштап, унаасын айдап кеткен шектүүлөр кармалды.

Чүй облустук милициясынан билдиргендей, 4-апрелде саат 14:00 чамасында жакынкы талаада жергиликтүү тургун Ысык-Ата районунун Алга айылына жакын жердеги суу сактагычтан бир кишинин скотч менен оролуп жатканын көрүп, дароо милицияга кабарлаган.

Окуя болгон жерге Ысык-Ата РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барып, ал 1989-жылы туулган Б.Н. аттуу жаран экени аныкталган. Анын  оозу, көзү, колу, буту жана денеси скотч менен оролгон.

Маалым болгондой, 2023-жылдын 3-апрелинде кечинде Б.Н. жолдун кесилишинде Достоевский менен Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар келген. Алар интернет аркылуу сатыкка коюлган Range Rover унаасын сатып алуучулары катары тааныштырышкан.

Алар жаранды “өлтүрөбүз” деп коркутуп, күч колдонуп, скотч менен ороп, унаанын документтерин, 50 000 сом акчасын жана iPhone 11 Pro телефонун тартып алышкан. Аны  унаага салып, талаага алып келишкен. Ал эмиRange Rover унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкен.

Факты боюнча Ысык-Ата РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин 165-берененин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИБдин жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде аталган кылмышка шектүүлөр аныкталып, 1998-жылы туулган К.Н. 1994-жылы туулган С.К., 1994-жылы туулган М.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Range Rover» үлгүсүндөгү унаа Ош шаарынын аймагынан табылган.

Учурда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

MyCollages 9 Чүйдө жаранды скотчтоп, талаага таштап, унаасын айдап кеткендер кармалды