
Бүгүн, 6-апрелде Кумтөр боюнча депутаттык комиссия массалык маалымат каражаттарына жыйын өткөрдү. Анда комиссияга төрагалык кылган Арсланбек Малиев учурда 45 тонна алтын Улуттук банкта бар экенин билдирди.
Эске салсак, 16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 28-сентябрындагы №494-VII жана 2022-жылдын 8-декабрындагы №719-VII токтомдору менен уюшулган «Кумтор Голд Компани» ЖАКнын алтын казып алуусун жана сатуусун, Кыргыз Республикасынын менчигине өткөн учурдан берки анын ишин изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулган.