Ошто келин күйөөсү тарабынан киши колдуу болду

Ош шаарында үч балалуу келин мууздалып өлтүрүлдү. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 2-апрелде болгон. Кылмышка шектүү катары келиндин жолдошу кармалган. Шектүү жубайын кызганычтан улам өлтүргөн. Алар үч баланын ата-энеси.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.