Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кармалды

УКМКнын берген маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармалган.

  Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) фактысынын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн мурдагы башчысы 

“С.З.Т.» ошондой эле жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн азыркы адистери «А.Э.И.» жана «М.А.» кармалышты.
Кармалгандар туруктуу коррупциялык схеманы түзүп, жасалма документтерди (жер участогун жана долбоордук документтерди берүү боюнча) пайдалануу менен жер тилкелерине жеке менчик укугуна мыйзамсыз мамлекеттик актыларды чыгарып, материалдык пайда алуу жана жеке байыуу максатында, кылмыштуулукка жол бергени аныкталган.
Азыркы учурда КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан кызмат адамдарынын кылмыш иштеринин жана башка фактыларын аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

ccd61d32 4d6a 4b5c 95d3 47389592c0a9 Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кармалды
af1ad1d0 4b32 46be ac71 62f4f4576146 Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кармалды
366c94a5 71ca 4e94 8603 f0b01b86ebd4 Сузак райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин бир катар кызматкерлери кармалды