Бишкекте Mercedes-Benz унаасы жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан өспүрүм кызды сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жол кырсык 30-мартта саат 19:35 чамасында Аска-Таш менен Кронштадт көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Mercedes-Benz унаасынын 38 жаштагы айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жаткан. Анын алдындагы унаа жөө өтмөккө жөө жүргүнчүлөрдү өткөрүү үчүн токтогон. Ошол учурда Mercedes-Benz алдындагы унаа менен кагылышуудан качып, карама-каршы тилкеге чыгып, өтмөктөн өтүп бара жаткан өспүрүм кызды сүзүп кеткен.
Жол кырсыктын кесепетинен окуучу кыз оң ийнинен жаракат алып, №4 шаардык ооруканага кайрылган.
Учурда жол кырсык боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүүдө.
Айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулган.