Лейлекте жаш балдар тарабынан акча уурдалган

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Лейлек районунун Ак-Терек айылынын 35 жаштагы тургуну ооруканадан дарыланып үйүнө келсе, белгисиз жарандар тарабынан үйүндөгү 40 миң сом акчасы жана азык-түлүктөрү уурдалгандыгын билдирип, арыз менен кайрылганы айтылат.
Бул факты Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, Лейлек РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан ошол эле айылдын жашы жете элек эки бала аныкталып, кармалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.