Ош облусунда «Достук» бекетинде мыйзамсыз доллар чыгарып кетүүгө аракет кылган Россиянын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 27-мартта 10:50дө Кыргызстандан Өзбекстанга бара жаткан 37 жаштагы Россиянын Р.Х. аттуу жаранын текшерүү учурунда, андан 16 миң 275 доллар табылган. Аталган жаран акчаны дерларациялабай, алып өтүүгө аракет кылган.
Кийинки териштирүү иштери үчүн кармалган жаран менен акча тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.
Эскерте кетсек, быйыл 16-январда Кыргызстандан долларды накталай түрдө алып чыгууга чектөө киргизилген.