
Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө саат 02:53 чамасында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Нарын районунун Төш-Булак, Жан-Булак, Достук, айылдарында жана Нарын шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.