Көгарт трассасына кыргыз-тажик чек арасында каза болгон баатырдын ысымы берилди, – сүрөт

Жалал-Абад обласынын Сузак районунун Курманбек айылында 2022-жылдын сентябрь айында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда баатырларча курман болгон катардагы жоокер Малашов Даниелбек Алмазовичтин атын өзү жашаган көчөгө жана чоң (Көгарт) трассага коюу жана өзү жашаган үйгө чакан үй-музейин ачуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, иш-чарага Жалал-Абад облусу боюнча чек ара башкармалыгынын башчысы подполковник Эралиев Н., Жогорку Кеңештин депутаты Икрамов Тазабек Икрамович, Сузак районунун акиминин орун басары, Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Түгөйбеков Нурсултан, Баткен согушунун ардагерлери, мектеп мугалимдери, айылдын аксакалдары, жашоочулары жана достору катышты.

Болуп өткөн иш-чара аскер кызматкерлердин коштоосунда өткөрүлдү.

1679717117.480578001 Көгарт трассасына кыргыз-тажик чек арасында каза болгон баатырдын ысымы берилди, - сүрөт
1679717117.831950037 Көгарт трассасына кыргыз-тажик чек арасында каза болгон баатырдын ысымы берилди, - сүрөт
1679717117.1865647415 Көгарт трассасына кыргыз-тажик чек арасында каза болгон баатырдын ысымы берилди, - сүрөт