Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында айдоочу эки баланы сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен.
Чүй аймагынын Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, жол кырсыгы 8-март күнү саат 20:00дө Фрунзе жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу 2012 жана 2017-жылдары төрөлгөн бир тууганы менен эжесин сүзүп кеткен. Жабыркагандар Сокулук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилген.
Унаа менен качып кеткен шектүү адам кармалды. Ал 1985-жылы төрөлгөн К.А.В. болуп чыкты. “ВАЗ-21120” автоунаасына айып төлөөчү жайга коюлду.

