Укук бузуулар боюнча ИИМдин ыкчам байланыш номуру күнү-түнү иштеп баштады

Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.
Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө жарандардан билдирүүлөрдү кабыл алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жакшыртуу максатында ИИМдин ыкчам байланыш номуру күнү-түнү кызматта. Бул ыкчам байланыш телефондор аркылуу жарандар милиция кызматкерлери тарабынан жасалган укук бузуулар же коррупциялык фактылар тууралуу маалымат менен кайрыла алышат.
Жарандардын билдирүүлөрүн кабыл алуу ыкчам байланыш телефонунун (WhatsApp жана Telegram) номуру: +996 556102502. Бардык келген билдирүүлөр милдеттүү түрдө каттоо процедурасынан өтөт.
Ыкчам байланыш чакыруу келип түшкөндө нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөтчүсү белгиленген тартипке ылайык: өзүн тааныштырат, абонентти кунт коюп угат, анын жеке маалыматтарын каттап, абонентке маалымат кабыл алуу тартибин билдирет. Кылмыш, жорук, окуя жөнүндө билдирүүнүн жагдайларын тактап, фото же видеосун алып, аны каттоону жүзөгө ашырат жана көйгөйүн андан ары чечүү үчүн жиберет.
Ошондой эле жарандар электрондук почта аркылуу кайрыла алышат: secretariat@mvd.kg.
Ыкчам телефонуна же ИИМдин электрондук почтасына кайрылганда абонент милдеттүү түрдө өзү жөнүндө маалыматты билдириши керек: фамилиясы, аты, атасынын аты; жашаган дареги (жашаган жери, убактылуу катталган жери) жана байланыш телефону.
Бардык келип түшкөн маалыматтар ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынат”
, – деп айтылат билдирүүдө.
Ички иштер министрлиги бардык жарандарды ачык-айкын кызматташууга чакырат. Ошондой эле туура жана так маалымат берген жарандарга сыйлык бар экендигин эскертет.