“Арасында каза болгон адам да бар”: Мыйзамсыз протокол түзгөн милиция кызматкерлерине иш козголду

Укук бузуулар боюнча протоколдорду бурмалаган милиция кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук милициясынын Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана бурмалоо фактылары аныкталган.

«Алсак, өз ишинин статистикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу максатында иш жүзүндө жасабаган укук бузуулары үчүн жарандарды негизсиз жана бир нече жолу жоопкерчиликке тартышкан. Тактап айтканда аталган башкармалыктын айрым кызматкерлери 2022-жылы ичинде Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренеси (жөө жүргүнчүнүн жол эрежесин бузуу) менен 3 жаранга карата 12 мыйзамсыз протокол түзгөн», – деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, көрсөтүлгөн протоколдордун ичинен 1 жаранга укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн учурда, ал буга чейин каза болгон. Ал эми калган жарандар иш жүзүндө укук бузууларды жасабаган жана алар бул туурасында прокуратурага тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан.

Аталган фактылар боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен 3 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.