Грузияда миңдеген адамдар митингге чыгышты

Грузиянын укук коргоо органдары чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын кабыл алынышына каршы чыккандарды парламенттин Руставели проспектисиндеги имаратынан сүрүп чыгарууга жетишти. Бул тууралуу грузин маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Полиция парламенттин алдындагы аянтты толук көзөмөлгө алганы айтылууда.

Акцияга катышкандарды таратуу үчүн коопсуздук күчтөрү суу аткычтар жана көздөн жаш агызуучу газ колдонгону белгиленди.

Митингчилерди камакка алуу фактылары да бар. Белгиленгендей, Тбилисинин жашоочулары 8-мартта парламенттин алдына дагы бир митинг өткөрүүдө.

Грузиянын борбору Тбилисиде 7-мартта миңдеген адамдар чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбооруна каршы митингге чыгышты.

Нааразычылык акцияларындагы кырдаал мыйзам чыгаруучу орган биринчи окууда демилгени колдогондон кийин курчуп кеткен.

Кийинчерээк демонстранттар парламенттин кире беришине полиция орноткон темир тосмолорду бузуп өтүүгө жетишкен.

Грузиянын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, митингчилер парламенттин кире беришинин бирин жабууга аракет кылышкан, бирок полиция аларга уруксат берген эмес.

Грузия парламентинин шейшемби күнү, 7-марттагы пленардык жыйынында “Тышкы таасирдин агенттери жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды. Бул тууралуу грузин маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Документке 76 депутат “макул”, 13 депутат “каршы” деп добуш берди. Бул тууралуу парламенттин спикери Шалва Папуашвили добуш берүү процедурасынан кийин билдирди.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбооруна каршы чыккандарды колдоду. Мамлекет башчысы эгер документ республиканын парламентинде кабыл алынса, ага вето коюуга убада берди. Зурабишвили тиешелүү кайрылуусун Фейсбукка жарыялады.

Чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын грузин версиясынын кабыл алынышы Тбилисинин Евробиримдикке кирүү умтулуусуна каршы келет. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл билдирди.

Саясатчы ошондой эле “грузин жарандарынын тынч митинг өткөрүү укугун урматтоого” чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Грузиядагы тынч демонстранттарга ээн-эркин чогулуп, өз позициясын билдирүү мүмкүнчүлүгүн берүү керектигин айтты.

Анын айтымында, Вашингтон чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзамдын айланасында түзүлгөн кырдаалдан улам грузин бийлигинин өкүлдөрүнө каршы санкцияларды киргизүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарбайт.