
Нурлан Дарданов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бидирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Нурлан Дарданов Таластын Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында 1975-жылы туулган. 1996-жылы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Нурлан Дарданов — прокуратура тармагында иштеген адам. Ал 2018-жылдын 30-майында башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалып, 2020-жылдын 11-ноябрында Садыр Жапаров аны кызматтан алган.
Эскерте кетсек, президенттин дагы бир жарлыгы менен Бакытбек Нарбеков президенттин Таластагы өкүлү кызматынан бошотулган.