Яндекс таксинин кеңсесине коркутуу болду, – видео

Токмок шаарында жаңы ачылган Яндекс Go такси кызматынын кеңсесине коркутуулар болду. Бул тууралуу Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.

image 33 Яндекс таксинин кеңсесине коркутуу болду, - видео

Анын айтымында, 26-январда Яндекс Go’дун кеңсесине бир нече адам келип, ишин токтотууну талап кылып, зомбулук көрсөтөрүн, кеңсени өрттөп кетерин айтып коркуткан, алардын арасында шаардык кеңештин депутаттары бар.

«Мага жөнөткөн видеодон Токмок шаарынын мэри Самаевдин (Урмат Самаев – ред.) тарапташтарын – шаардык кеңештин депутаттары Кайрат Чокеев менен Зафар Абраимовду жана анын бир тууганы, «Люкс» таксисинин ээси Саид Абраимовду тааныдым», — деп жазган ал.

Анын айтымында, бул окуя боюнча жабырлануучу милицияга арыз жазган.