
Кыргызстандын тышкы карызын жабууга ачылган депозиттик эсепке 31.5 млн сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдирди.
Маалыматка караганда, тышкы карызды тейлөө үчүн № 44010011030000253 депозиттик эсебине жеке жана юридикалык жактардан акча каражаттары түшөт.
2023-жылдын 20-февралына карата эсептеги каражат 31 млн 532 сомду түздү.
Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын төлөө үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казынасы атайын депозиттик эсеп ачкан.