УКМК: Издөөдө жүргөн ЭТУнын шериктеши кармалды

    Бул тууралуу маалыматты УКМК таратты.
Маалым болгондой, УКМК органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан антитеррордук иш-чаралардын алкагында, 2023-жылдын 15-февралында КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан, эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) издөөдө жүргөн шериги - Сузак районунун 1976-жылы туулган Р.К.А. кармалды.
    Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 3-бөлүгү, 30-беренесинин 6-бөлүгү, 27-226-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында, кармалган Р.К.А. ЭТУнун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталды, кийинчерээк Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштуруу аракети менен КР УКМК тарабынан жок кылынган. 
    "Кармалган Р.К.А. КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, анын ЭТУ менен шериктештикке катыштыгы бар башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.