Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү. Мындай чечимди Жогорку Сот чыгарганы кабарланды.
Маалым болгондой, мурдагы президенттин жактоочулары Жогорку сотко арыз менен кайрылышкан. Алар ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо керектигин белгилешкен.
Ал эми Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын кабаралды.