
«Манас» эпосун изилдөө жана жайылтуу боюнча концепция бекитилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынган.
«Аталган чечим президенттин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин («Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын жана «Манас – улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнүн концепциясын ишке ашыруу максатында кабыл алынган», — деп айтылат маалыматта.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.