Үрөй учурган видео: Түркияда көп кабаттуу үйлөр зилзаладан кийин кулап түштү

Соцтармактарда Түркияда зилзаладан кийин дагы көп кабаттуу үйлөр кулап жаткан видеолор тарады.

Жалпысынан алганда Түркияда алты миңдей кабаттуу үйлөр кулаган.

Белгилей кетсек, Түркия жана Сирияда очогунда күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир катар имараттар кыйраган. Курмандыктар көп. Алардын саны улам көбөйүүдө.