Түркиядагы зилзала: Каза болгондордун саны 3381 адамга жетти

Түркияда 6-февралда 2 ирет катталган жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 3381 адамга жетти. 7-февралдагы акыркы маалымат боюнча, 20 436 адам жаракат алды деп катталган. Бул маалыматты Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчысы Юнус Сезар журналисттерге билдирген.

Аталган башкармалыктагы жер титирөө боюнча иш жүргүзгөн бөлүмдүн башчысы Орхан Татардын маалыматы боюнча, жалпы 5575 имарат урандыга айланды. Буга чейин Түркиянын вице-президенти Фуат Октай урандынын алдынан 7840 адам куткарылганын билдирген болчу. Жаратылыш кырсыгынан кийин 338 миң адам жатаканаларга, окуу жайлардын имараттарына жана баш калкалоочу жайларга жайгыштырылды.

Сирия өлкөсүнүн түндүгү дагы жер титирөөдөн жабыркады. Бул мамлекеттин Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 1440 адам көз жумган.

6-февралда таңга маал болгон жер титирөөнүн очогу Түркиянын Газиантеп аймагы болуп, күчү 7,4 баллга жеткен. Күндүз дагы жер титирөө Түркиянын борбордук бөлүгүндө кайталанып, анын күчү 7,7 балл болду. 7-февралда эртең менен Түркиянын борбор бөлүгүндө очогундагы күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды.